Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында милиция кызматкерлерине Токмок шаарынын тургуну Сагынбүбү Солпуева кайрылган. Ал арызында ошол эле күнү Токмок шаарынын Мирлан аттуу тургуну анын 16 жаштагы кызын күч колдонуп зордуктап салганын жазган. Бул тууралуу бүгүн Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн бир катар иш-чаралардын негизинде кылмышка шектелип 1985-жылы туулган Мирлан Кожоналиев кармалган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.