Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында зордуктоого шектелип 25 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык милицияга Аламүдүн районунун 27 жаштагы тургуну кайрылган. Ал белгисиз адам күч колдонуп зордуктап кеткенин айткан. Тергөө амалдарынын негизинде 25 жаштагы жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Иликтөө иштери жүрүүдө.