Таластагы убактылуу кармоочу жайда 28 жаштагы жаран футболкасына асынып алды

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу​ кармоочу изоляторунда кылмышка шектелип отурган жаран асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 31-октябрда саат 13:30 чамаларында болгон.

"Киши өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен шектелип жаткан жаран Талас шаарынын 28 жаштагы тургуну ​Р.У. камерада өзү кийип жүргөн футболкасына асынып каза болгон. Нөөмөткер анын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калган.

ОИИБдин ыкчам тергөө тобу, медицина кызматы жана прокуратура органдары жеринде иш алып барышууда.

Аталган факты Талас ОИИБинин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, текшерүү ​ жана кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан