7-декабрь - Эл аралык жарандык авиация күнү

7-декабрь. 1900-жылы Шабдан баатыр кыргыз жергесиндеги баалуу кен байлыктарын чалгындоо ишин улантууну өтүнүп, Семипалатинск–Жети-Суу округдук тоо өнөр жайына кайрылган.
1975-жылы 7-декабрда кыргыз тилиндеги эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү, 2008-жылкы "Жылдын медиаменеджери" наамынын ээси, КТРКнын Байкоочу кеңешинин экс-төрагасы, Социалдык өнүгүүнүн экс-министри Кылычбек Султанов төрөлгөн (документ боюнча 1976-жыл, 4-январь).
7-декабрь, 1977-жылы орусиялык “Звери” тобунун ырчысы Рома Зверь (чын аты-жөнү Рома Билык) Таганрог шаарында тө­рөл­гөн. Дондогу куруучулук жа­на экономикалык колледжин бүтүргөн. Романын хоббиси балык уулоо. Ошондой эле Италиянын ашканасын, виносун, сүт катыкталган чайды жакшы көрөт. Жакшы көргөн киносу “Крёстный отец”, ”Москва слезам не верит”. Ата-энесин баарынан ыйык коёт.
1988-жылы 7-декабрда Арменияда чоң зилзала катталган. Спитак шаары толугу менен талкаланып, анда 25 миңге чукул киши набыт болгон. 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан