Аламүдүн районунда көмүскө сойкукана жабылды. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлерине Төмөнкү Ала-Арча айылында көмүскө сойкукана бардыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Текшерүү учурунда үйдөн туруктуу кардарлардын аттары жазылган китепче табылган. Анда ким канчада келип, канча төлөп кеткени жазылган. Ошондой эле кардарлар менен дайыма байланышып турган уюлдук телефон алынган.
Учурда аталган жайдын администратору, бишкектик 26 жаштагы аял кармалып, камакка алынып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "Сойкучулукту уюштуруу же аны кармоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.