Москва районунда бир тууган карындашын зордуктоого аракет кылган киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы 6-декабрда маалымдашты.
Маалыматта айтылгандай, милиция бөлүмүнө 39 жаштагы жабырлануучу арыз менен кайрылган. Арыз "түндөсү агам мага асылып, зордуктоого аракет кылды" деп жазылат.
Милиция кызматкерлери тарабынан Ак-Суу айылынын 51 жаштагы тургуну кармалып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "зордуктоого аракет кылган" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.