Кыргыз Республикасынын мас-рестлинг боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын Алмалык облусунда өткөн Азия чемпиондугунда 21 медаль (9 алтын, 4 күмүш, 8 коло) жеңди. Бул тууралуу спорт департаментинен кабарлашты.
Аталган мелдеш 3-6-ноябрь күндөрү өтүп, 7 мамлекеттен 120 дан ашык спортчу катышты. Кыргыз спортчулары жеңген 21 медалдын 9у алтын, 4ү күмүш жана 8и коло.
Алтын медалдардын ээлери: 60 килограмм салмакта Чынгыз Саламатов, Байас Арстаналиев, 65 килограмм салмак даражада Адилет Имашов, Бекмырза Токтошев (70 кг), Чыныбек улуу Русланбек (90 кг), Ырысбаев Улукбек (125 кг), 125 килограмм салмактан жогоркулар арасында Келдибек Атайбек уулу жана кыз-келиндер арасында 65 килограмм салмак категориясында Маданбаева Адель, 75 килограмм салмакта Болотбекова Эльдана, 85 килограмм салмактан жогоркулар арасында Рахманова Дилдора.
Дустматов Хурсан, Садырова Малика жана Мамажанова Санабархон күмүш медалдардын ээлери болушту.
Ошондой эле Шербакун Улуу Ислам, Турсунбеков Данияр, Шакиров Азамат, Роман уулу Бакыт, Урунбаев Акылбек жана кыз-келиндер арасында Бектурган кызы Гулдана, Илишева Винера коло байгенин ээлери болушту.