Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалды

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиев уюмдун башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Тийиштүү чечим бүгүн, 11-ноябрда Самарканд шаарында өтүп жаткан уюмдун саммитинин жүрүшүндө кабыл алынды.

Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Анкара шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Кыргызстандын Израилдеги элчиси кызматын аркалап келген.

Уюмдун башкы катчысы үч жылдык мөөнөткө шайланат. Буга чейин бул кызматты Х.Акынжы (Түркия), Р. Гасан (Азербайжан), Багдад Амреев (Казакстан) ээлеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан