Бишкек шаарынын 43 жаштагы тургуну Д. Татьяна "мени белгисиз бирөө күч колдонуп зордуктоого аракет кылды" деген арыз менен милиция бөлүмүнө кайрылган. Бул тууралуу бүгүн 7-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Ленин РИИБинин “Отработка” рейдинин негизинде изи сууй электе Бишкек шаарынын 47 жаштагы тургуну О. Төлөгөн кылмышка шектелип кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.