Кечээ, 6-декабрда саат 15тер чамасында Ч.Дмитрий башкарып бара жаткан Тойота РАФ-4 үлгүсүндөгү унаа Келечек конушунан, “Дордой” базарынын каршысынан окуучу баланы сүзүп кеткен. Жыйынтыгында, 1-класстын окуучусу Б. Адилет мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген. Бул маалыматты 7-декабрда Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда унаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, тергөө иштери жүрүүдө.