Кадамжайда тамакка ууланган беш адам ооруканага түштү

Баткендин Кадамжай районунда тамак-аштан беш адам ууланган учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, алар 21-ноябрда саат 13:00 чамасында тамакка ууланып, кийинки күнү медициналык жардам алууга кайрылган. Бейтаптар Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Маалыматта үч жабырлануучунун абалы өтө оор деп бааланып жатканы айтылды. Учурда алар жасалма дем алдыруучу аппаратта жатышат.

Ал эми эки адамдын абалы оор. Учурда керектүү дарылануудан өтүп жатышат. Бардык жабырлануучулардан лабораториялык изилдөө үчүн клиникалык материалдар алынган.

Маалымдалгандай, жогоруда аталган жабырлануучулардын бардыгы 21-ноябрда саат 13:00дө жумуш ордунда түшкү тамактануу учурунда үй шартында жасалган жашылча консервалары менен тамактанышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан