"Депутаттар сүйлөй албай да калышты". Сурабалдиева менен Ташиев кайым айтышты

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Эльвира Сурабалдиеванын айыптоосуна жооп берди. Атайын кызматтын башчысы анын туугандарына таандык "Кудайберген" базары салыктарды толук төлөбөй, жашырып жатканын айтты.
Эл өкүлү буга чейин "Кемпир-Абад" боюнча каршы добуш бергени үчүн бир тууганына УКМК кылмыш ишин козгойм деп коркутуп жатканын билдирген. Ташиевдин айтымында, Сурабалдиеванын жакындарына таандык болгон базарды Салык кызматы текшерген.
"Эльвира Жыргалбековнанын жана анын жакындарынын карамагында "Кудайберген" деген базар бар. Анда 3 миңден ашык контейнер бар. Ошол контейнерлерден булар ар биринен 2000-3000 сомдон ижара алдык деп отчёт беришет. А бирок жыйнаганы эң азы 7 миңден 15 миңге чейин болот. Ошол жерден салыктардын баарын эсептеп чыкканда, муну УКМК эсептебейт, тапшырма бербейт. Салык кызматы эсептеп чыкканда бүгүнкү күндө "Кудайберген" базары мамлекетке 70 миллион сомдун тегерегинде салык төлөбөй коёт.
Бул боюнча акт түзүлгөн. Аны төлөөгө милдеттүү. Депутатмын деп эле трибунадан туура эмес маалымат таратканды токтотуш керек. Биз эч кимге, эч кандай мыйзамсыз мамиле кылбайбыз. Эльвира Жыргалбековна, мага доомат коюуга сизде эч кандай негиз жок. Кайсы бир деңгээлде көйгөйүңүз болсо, Салык кызматына барып териштириңиз. Биз эч кандай тууганыңызды камаган жокпуз. Салыгыңызды төлөңүз, болбосо мыйзам чегинде чара көрөбүз", - деди Ташиев.

Андан соң депутат Сурабалдиева Салык кызматынын төрагасына кайрылып, "базарды текшергенден бери 2 айдай убакыт өттү, бул аралыкта сизди адашты деп суракка алып же бирөө жарым жоопко тартылдыбы?" деп суроо салды. Депутатка жооп берген Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов андай маселе болбогонун айтты.

"Кечээ иниси Шаирбек Ташиев кабинетине чакырып алып гүл, торт берип туулган күнүм менен куттуктады. Бул окуя боюнча сурасам "Кемпир-Абадга каршы добуш бербедиңизби" деп эле айтты. Мамлекетибизде эки президент бардай сезилип жатат. Экинчиси көшөгө артындагысы каалагандай калчап, коркутуп, каалаганын кылып жатат.
Алыңар мага эле жетип жатса Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин да аялыңыз, кыздарыңыз бар. Азыр бул жерден менин тиешем жок, билбейм деп алдабаңыз. Анда эмне үчүн 2 ай мурун Салык кызматы келип кетти? Өчөшкөндөй болуп эмне майдаланып жатасыз. УКМКга бул жердеги депутаттар сүйлөй албай да калышты. Сизге жакпагандын баарын кууп, атып эле салбайсыздарбы. Жакпайт экен айткандарыбыз. Мен сиз тууралуу башка пикирде элем, аябай көңүлүм калды", - деди Сурабалдиева.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан