8-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат. Айрым аймактарда катуу жаан-чачын жаайт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаайт, калган аймактарда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусу. Күндүз 6°C, түнкүсүн -5°C
Талас облусу. Күндүз -9°C, түнкүсүн -4°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +2°C, түнкүсүн -3°C
Баткен облусу. Күндүз 7°C, түнкүсүн +2°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз 5°C, түнкүсүн -5°C
Нарын облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -13°C
Бишкек шаары. Күндүз 5°C, түнкүсүн -3°C