Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мирзийоев Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссиясынын башчысын Өзбекстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ошондой эле өз ара урматтоо жана салттуу достук принциптерине негизделген кыргыз-өзбек кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеген.
"Жаманбаев өз кезегинде Кыргызстан Өзбекстан менен ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгилеп, ошондой эле Мирзийоедин Кыргызстанга пландалган мамлекеттик сапары эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө маанилүү түрткү болоруна ишенимин билдирди. Аземдин соңунда Өзбекстандын президенти элчиге достук жана көп кырдуу кызматташтык мамилелерди мындан ары да кеңейтүүгө багытталган дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады", - деп жазылат маалыматта.