8-декабрь - Кыргызстанда радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү

2010-жылы 8-декабрда Жалал-Абад облусунда мугалимдер митингге чыгып, айлык акыны жогорулатууну талап кылышкан. 

1929-жыл, 8-декабрь. Бул күнү 300дөн ашуун советтик мультфильмдерде, анын ичинде эң белгилүү “Сениби, шашпа” мультфильминде коёндун үнүн сүйлөткөн актриса Клара Румянова Ленинградда төрөлгөн.
8-декабрь, 1941-жылы тарыхта биринчи жолу гитлерчилер тарабынан ууландыруучу газ колдонулган.
“Бардыгы Ева жөнүндө”, “Күн айымдары” деген түштүк корей сериалдарында роль ойногон Хан Чже Сок  1973-жылы 8-декабрда туулган. 
2001-жылы 8-декабрда “Ералаш” киножурналынын баш редактору, драматург, жазуучу жана сценарист Александр Хмелик каза болгон. Тээ СССР убагында режиссёр Алла Сурикова БК КПССке кайрылып, “Фитиль” көрсөтүүсүнүн балдарга арналган “Фитилёк” аттуу аналогун тартууга уруксат алып, бирок бул идеясын бат эле таштап салган. Анда долбоорду Александр Хмелик менен Борис Грачевский колго алышкан. “Фитилёк” деген ат Грачевскийге да, Хмеликке да, “Фитиль” көрсөтүүсүнүн авторлоруна да жаккан эмес. Ошондуктан балдарга арналган көрсөтүүгө жаңы аталыш ойлоп табуу керек эле. Эки чоң адамдын татыктуу ат табалбай баштары катып турганда Хмеликтин 7-класста окуган кызы Наташа “Ералаш” деген атты сунуш кылган. Ошентип, киножурналдын тушоосу кесилип, сериялар биринин артынан бири тартыла баштаган. Жылнаама толугу менен бул жакта...

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jek1646
2013-12-08 10:20:48
клара румянованы туулган куну менен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан