Аскер прокуратурасы Мамлекеттик материалдык резерв фондуна иш козгоду

Мамлекеттик материалдык резерв фондусунда акча каражаты максатсыз пайдаланылып, республикалык бюджетке 2 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан ӨКМга караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунда текшерүү жүргүзүлгөн.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө фонддун кызмат адамдары мыйзамсыз жана негизсиз протоколдук чечим кабыл алуу жолу менен фонддун жооптуу сактоочуларына (ун тартуучу ишканалар) ар бир 1 000 тонна унду сатып беришкендиги үчүн “бонус” катары 70 000 сом өлчөмүндө акча каражатты төлөп берип, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланышкандыгы аныкталды. Мындай протоколдук ченемдик-укуктук актыларында каралган эмес. Натыйжада республикалык бюджетке 2 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген", - деп жазылат билдирүүдө

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан