Бүгүн Башкы прокуратураны сынга алган депутат Токторбаев сурак берүүдө

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка караганда, эл өкүлү бүгүн саат 17:30га чакыртылып, учурда күбө катары сурак берүүдө. Ал бүгүн Жогорку Кеңеште айткан коррупцияга айыптаган сөздөрү боюнча башкы көзөмөл органына тийиштүү материалдарды өткөрүп берүү үчүн чакыртылган.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Жеңишбек Токторбаев прокуратурада коррупция күч алганын айтып, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ишмердүүлүгүн кароо зарылчылыгы жаралганын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан