Түркияда автобус кырсыкка учурап, 40 киши жаракат алды

Түркиянын түндүгүндөгү Бартин провинциясында автобус кырсыкка учурап, кеминде 39 адам жаракат алды. Бул тууралуу TRT телеканалына таянып РИА Новости жазды.

"Ризе шаарынан Зонгулдакты көздөй бараткан жүргүнчү автобус оодарылып кеткен, алдын ала маалыматтар боюнча 39 адам жабыркаган", - деп билдирди телеканал.

Маалымдалгандай, жабыркагандар ооруканага жаткырылып, окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан