"Катар-2022": Германия баштаган үч фаворит команданын тагдыры бүгүн чечилет

Бүгүн, 1-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда "Е" жана "F" тайпаларында чечүүчү беттештер орун алат.

Биринчи беттеште Коста-Риканы 7:0 эсебинде жеңген Испания да, бир гана упайга ээ болгон Германия азырынча плей-оффко чыга элек. Кайсы командалар кандай жол менен тайпадан чыга аларын карап көрөлү.

Испания: Европа курамасынын 1/8 финалга чыгуусу үчүн япондорго утулуп калбоо жетиштүү. Эгерде Испания утулуп калса, Коста-Рика Германияны жеңсе, анда испандыктар Дүйнө чемпиондугу менен коштошот.

Япония: Испанияны жеңсе тайпадан, жеңилип калса турнирден чыгат. Эгерде Испания менен тең чыгып, Германия менен Коста-Рика дагы тең чыкса Япония Дүйнө чемпиондугунда калат. Эгер Германия жеңишке жетсе, Германия менен Япониянын голдорунун айырмасы эсептелет.

Германия: Бул команда плей-оффко чыгуу үчүн бүгүн сөзсүз түрдө Коста-Риканы жеңүү керек. Ошол эле учурда Испания Японияны жеңсе гана Германияга 1/8 финалга чыгууга мүмкүнчүлүк болот.

Бельгия: Кевин Де Брюйне баштаган бул улуттук курама команда бүгүн Хорватияны жеңсе 1/8 финалга чыгат жана утулуп калса үйгө кетет. Марокко Канадага төрт же андан көп гол менен утулуп калса, Хорватия менен тең чыгуу Бельгияга мүмкүнчүлүк берет. Бирок атаандаштын голдорун эсетебестен Бельгия бүгүн жеңишке жетиши керек.

Хорватия: Тайпадан чыгуу үчүн хорваттар Бельгияга утулуп калбашы керек. Хорватия жеңилип калса да плей-оффко чыга алат. Бирок бул үчүн Канада Мароккону жеңиши керек. Ошондо гана марокколуктар менен хорваттар голдордун санын эсептешет.

Бүгүнкү оюндардын тизмеси: Хорватия - Бельгия, Канада - Марокко;

Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.

Япония - Испания, Коста-Рика - Германия;

Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан