Бишкекте 19 жаштагы эки жарандан баңгизат табылды

Бишкекте баңгизатын сатуу максатында сактап жүргөн 19 жаштагы эркек менен аял киши кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Октябрь РИИБинен билдиришти.

Маалымдалгандай, милицияга шектүүлөр тууралуу маалымат 5-ноябрда түшкөн.

Иликтөө иштеринин натыйжасында алар 2003-жылы туулган Д.Р. жана Ш.Н. аттуу жарандар экени тастыкталган.

Тинтүү жүргүзүлгөн учурда алардан теги белгисиз 20 боо жашыл түстөгү зат алынган. Андан соң алар тергөө кызматына жеткирилген.

Кылмыш ишинин алкагында соттук-химиялык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында жалпы салмагы 19,315 граммды түзгөн мефедрон жана альфа PVP психотроптук заттары экени аныкталган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен шектүүлөр эки айга камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан