Чүйдө тоноочулукка шектелип 21 жаштагы жаран кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Кабарлангандай, 1-декабрда милицияга арыз менен 21 жаштагы Р.Р. аттуу жаран кайрылган. Анда белгисиз адамдар анын “Редми” үлгүсүндөгү баасы 22 миң сомду түзгөн уюлдук телефонун тартып алып, изин жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандын аты-жөнү аныкталып, ал 2004-жылы туулган А.О. аттуу жаран экендиги такталган.

Шектүу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан