Бишкек шаарынын четиндеги Ленин айылында Volkswagen Golf авто унаасы толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, өрт тууралуу маалымат 1-декабрь күнү түшкөн. Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 12:13тө чектөөгө алып, өрт толугу менен саат 12:16да өчүрүлгөн.
"Жолдун боюнда Volkswagen Golf үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жок, учурда өрттүн себеби такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.