Орусияда өзүнүн мекендештерин тоногон 4 кыргызстандык кармалды

Орусиянын Покров шаарында мекендештерин тоноого шектелип 4 Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 27-ноябрь күнү саат 03:00 чамасында Владимир облусунун Покров шаарында белгисиз адамдар темир жол бекетинин жанындагы бөлмөгө кирип, ал жердегилерге каракчылык менен кол салышкан. Кол салгандар Жалал-Абад облусунда 1999-жылы туулган К.уулу Н. аттуу жаранды сабап, жанындагы 60 миң рубль акчасын жана уюлдук телефонун алып кетишкен. Ал эми 1992-жылы туулган У.уулу У. аттуу Ош облусунун тургунун байлап, Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Кийин алар опузалап акча талап кылышканда туугандары анын банк картасына 50 миң рубль акча каражатын которгондон кийин, Москва шаарынан аны коё беришкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүлөр 30-ноябрда кармалган. Алар: 1996-жылы туулган А.уулу К., 1998-жылы туулган П.Ч., 2000-жылы туулган И.уулу Х. жана 2001-жылы туулган О.уулу М., аттуу жарандар болушкан.

"Учурда жогорудагы адамдарга карата жүргүзүлүп жаткан алдын ала тергөө учурунда камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Учурда иликтөө жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу менен айрым шектүүлөрдүн ортосунда карыздык мамиле болгон", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Эрик
2022-12-02 16:44:00
Супер сиздерден сураныч бетин жаппай аты жөнүн кайсы жерден кайсы айылдан кимдин баласы бүт толук чыгаргыла кайсы шакалдар экенин Эл журт баары билишсин толук чыгаргыла сураныч.
+1
Mina24
2022-12-02 17:57:00
туура бут толук жасанар шакалдарды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан