Кыргызстанда 14 адамды 77 миллион сомго алдап кеткен жаран Польшадан кармалды

14 жаранга карата 77 миллион сомдук зыян келтирип, алдамчылык фактысы менен айыпталган Б.М. аттуу жаран Польшадан кармалып, өлкөгө экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

"1-декабрь күнү айыпталуучу Б.М. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Интерполдун улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин коштоосунда Кыргыз Республикасына алынып келинди", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Белгилей кетсек, айыпталуучуга карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өндүрүшүндө турган кылмыш иш боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Ал Польшада Румыния жаранынын жасалма паспорту менен жашырынып жүргөнү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан