Ноокатта милиция майыптыгы бар жарандарга жардам көрсөттү

Ноокатта милиция кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Ноокат шаарынын мэриясы менен биргеликте майыптар күнүнө карата шаардагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 40 жаранга материалдык жардам көрсөтүштү жана мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр үчүн көңүл ачуучу иш-чара уюштурулду.

Мындай иш-чара башка райондордо да өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-декабрда Кыргызстанда Майыптардын эл аралык күнү белгиленүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан