6-декабрда республикада акысыз юридикалык жардам берүү декадасы башталат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги маалымдады.
Маалымдалгандай, декада 13-декабрга чейин уланат.
Анда жогорку квалификациялуу жактоочулар, юристтер жарандарга акысыз укуктук консультацияларды берет. Укуктук жактан жардам берүү өнөктүгү көчмө жүрүш форматында өтөт. Анда тургундарга социалдык, үй-бүлөлүк, жер жана башка түрдүү маселелер боюнча кеңештер берилет.