Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

Бүгүн, 3-декабрда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Тажикстан менен Кыргызстандын жарандарынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

"Кыргызстандын М.Н. аттуу жараны Тажикстандын Сомониен айылы аркылуу Дахма айылын көздөй бара жаткан учурда Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранына карата орой сөздөрдү айта баштаган", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Мындан улам эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, ал таш ыргытууга айланган.

Чыр-чатактын курчушуна жол бербөө жана эки тараптын жарандарынын тарап кетиши үчүн Кыргызстандын жараны аңчылык куралынан асманга үч жолу эскертүү иретинде ок чыгарган.

Окуянын жагдайын жана себептерин тактоо үчүн учурда Баткен жана Исфара тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуу өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2022-12-03 16:55:00
түгөнгөн эл экенда ушулар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан