Милиция 45-50 жаштагы жарандын аты-жөнүн аныктоо үчүн жардам сурайт

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы эркек кишинин аты-жөнүн аныктоо үчүн жарандардан жардам сурайт.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 21-ноябрында Ысык-Ата районунун аймагынан болжол менен 45-50 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Учурда анын аты-жөнү аныктала элек.

Белгилери: бою 183 сантиметр, бут кийиминин өлчөмү - 45.

Өзгөчө белгилери: жогорку сол 4 тиш (3,4,5,6) сары металлдан, астыңкы сол үчүнчү тиш сары металлдан жасалган.

"Жогорудагы жаран боюнча кандайдыр бир маалымат билгендер болсо Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 0312430127, 0707365185, 0701455594, 0776002034, 0701102401, 0552802, 055902, 055902, 0552402, 0512430127 телефондору аркылуу кабарлап коюуну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан