Ассоль Молдокматова: “Актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда ооруканага түштү”

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев ооруканага түштү. Учурда анын абалы оор экени айтылды. Актёр борбор калаадагы ооруканалардын биринде жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ассоль Молдокматова билдирди.

"Азиз Мурадиллаев бир нече жыл бою өзүнүн чыгармачылыгы менен жакындарын, досторун, күйөрмандарын кубантуу үчүн бар күчүн жумшап, оорусу менен күрөшүп келди. Мага Азиздин жубайы байланышып анын ооруканада экенин айтты. Ага операция жасатуу үчүн акча топтоого жардам берүүмдү суранды. Азиз боор циррозу оорусу менен жабыркап келет. Ал тез аранын ичинде боорун алмаштырууга муктаж. Өзүнүздөргө белгилүү болгондой, буга чейин да коомчулук тарабынан Азиздин операциясына делип акча топтолгон. Актёрго 2016-жылы Москвадагы клиникалардын биринде кан тамырларын бири-бирине туташтырган (лигирование) операция жасалган. Андан кийин Түрк клиникаларынын биринде дарыланган. Дарылоо ийгиликтүү өткөнүнө байланыштуу дарыгерлер боорун алмаштырууга зарылдык жок экенин айтышкан. Эл тарабынан топтолгон каражаттын калган бөлүгү Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусу үчүн берилген. Эми актёрубуз кайрадан биздин колдообузга муктаж болуп турат. Анын катуу шишиги бар. Суюктук чыкпайт. Сүйлөй да албай калган. Убактыбыз өтө аз", - дейт Молдокматова.

Актёрдун өмүрүн сактап калуу үчүн 45 миң доллар акча каражаты керектелет. Жардам берүүнү каалаган жарандар төмөндөгү эсеп аркылуу акча которсо болот: Элсом: 0553330431


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан