Кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү жолугушту

Бүгүн, 3-декабрда Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, жыйынга Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын тургундарынын ортосундагы мушташуунун чоо-жайын изилдеп чыгышты.

"Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда провокацияларга жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча макулдашышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Мушташ фактысы ИИМдин аймактык органдары тарабынан иликтене турган болду. Ал эми окуя болгон аймакка ИИМдин кошумча отряддары жибериле турганы айтылды.

Белгилүү болгондой, тараптар мындай окуялардын алдын алуу боюнча биргелешип иш алып барууну макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан