Кадамжайда Өзбек жаранынын унаасы жарылып кетти (фото)

Кадамжай районунда Өзбек жаранынын автоунаасы жарылып кетти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, окуя кечээ, 6-декабрь күнү саат 10.00дөр чамасында болгон. Анда Өзбек жараны Дэу-Лассети үлгүсүндөгү унаасы менен Риштан-Сох автожолунун 16-чакырымында, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен.
Жарылган унаада жалпысынан 4 Өзбек жараны болгону кабарланды. Жабыркагандар болгон эмес.
Бул факты Кадамжай районунун маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2022-12-07 11:24:00
Созсуз айтыш керекпи электрондук журнал деп.Хотя айырмасы жок куйуп бутконсон электрондукпу золотой бумагагабы катталганынын
0
XATSAN125
2022-12-07 11:25:00
Элдин акысын жегендерди кантип эмнеге катташат экен ошол убакта система сбой болуп сактай албай калса керек электрондук журналынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан