Beeline менен бирге 2022-жылдын Футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун ¼ финалын көр

Кыргызстандыктар 20-ноябрда Катарда башталган 2022-жылдын Футбол боюнча дүйнө чемпиондугун чоң кызыгуу менен көрүүнү улантып жатышат.

Ушул жумада футбол талаасында 1/4 финалда Хорватия менен Бразилия (9-декабрда саат 21:00дө), Нидерландия менен Аргентина (10-декабрда саат 01:00дө), Марокко менен Португалия (10-декабрда саат 21:00дө) жана Англия менен Франция (11-декабрда саат 01:00дө) беттешет.

Beeline уюлдук оператору миңдеген күйөрмандарга өздөрүнүн сүйүктүү командалары катышкан чемпиондуктун акыркы окуяларынан кабардар болуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Компания 2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугун Кыргыз Республикасынан аймагында көрсөтүүнүн расмий демөөрчүсү болуп саналат. Мунун аркасы менен кыргызстандыктар УТРК жана УТРК Спорт (мурдагы КТРК) телеканалдарынан үйдөн чыкпай эле чоң спорттук иш-чараны көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Уюлдук оператор муну өлкөнү жана коомду өнүктүрүүгө багытталган социалдык маанилүү долбоорлорду ченемдик-укуктук колдоонун алкагында жасады.

Эске салсак, Катардын климаттык өзгөчөлүгүнөн улам Дүйнө чемпиондугу биринчи жолу жайында эмес, күз-кыш айларында – 2022-жылдын 21-ноябрынан 18-декабрына чейин өткөрүлөт. Ага 32 команда катышууда.

Өткөрүп жибербеңиз, Beeline менен бирге 2022-жылдын Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалын көрүңүз.

Beeline мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан