Жалал-Абад облусунда жер титирөө болуп өттү. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка караганда, 8-декабрь күнү болжол менен 13:50лөр чамасында күчү 2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Зилзаланын очогу Салам-Алик айылынан 10 чакырым түндүк-чыгышты карай, Сары-Булак айылынан 15 чакырым түндүк-батышты карай, Жалал-Абад шаарынан 58 чакырым чыгыш аймагында катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жапа чеккендер болгон жок.