Сузак районунун 1980 жана 1981-жылы туулган эки жараны таксисттин Хонда үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан. Бул тууралуу Чүй РИИББнен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Сузак районунан келген эки жаран таксиге отурушат да, ээн жерге чыкканда ага кол салышат. Тагыраак айтканда, таксистти сабап, салондон түшүрүп салышкан.
Бул кылмыштын изи сууй электе Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан экөө кармалып, СИЗОго киргизилди.