Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык 19 жаштагы кыз милицияга арыз менен кайрылган. Ал жашы 25тер чамасындагы белгисиз адам күч колдонуп зордуктап, жанындагы iPhone-5 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып качып кеткенин айткан.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде кылмышка шектелип 23 жаштагы Жалал-Абад облусунун Шабдан аттуу тургуну кармалды.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 129 (зордуктоо), 167 (тоноо) беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.