ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Бак айылында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жатат"

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну кайрылды. Анын айтымында, 3 күндөн бери аталган аймакта электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жатат.

"Кара-Бак айыл аймагында электр жарыгын маал-маалы менен, көбүнчө кечки саат 5тен кийин 2-3 саатка өчүрүп жатат. Негизи жайында жарыкты өчүрүп, фидерлерди оңдоп-түзөштү эле, кышка даярдык катуу жүргөн. Күз мезгилинде да энергетика министри "кышка толук даярбыз, жарыкты үзгүлтүксүз беребиз" деген эле. Президент келгенде да ушундай убада берген. Бирок күндүн суугунда электр энергиясын өчүрүп, элди кыйнап жатышат", - деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2023-01-17 12:35:00
Борбор калаада деле тынбай эле өчүп атат. Айрыкча бизге окшогон квартиранттарга эле өтө кыйын болуп атат 4 балабыз менен свет өчөрү менен төшөктөргө оронуп отурабыз. Биздин кожойкебиз окуп калсаң бир аз ойлончу сууң чыкпайт тоңуп калган.жылытуучу бир гана электро плитабыз бар кварплатты түшүргөндүн ордуна кайра көтөрөсүң убал сооптон коркулачы квартира бергендер
+2
Айжанар Рыспек кызы
2023-01-17 16:08:00
Asmat84 Сиз жаңылыкты кыскача баяндап WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жиберсеңиз болот.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан