ЭЛДИК КАБАР: Аксыда арыктын башындагы суу тоңуп, элет эли убара болууда

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Капчыгай айылынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, аймактагы таза суу көйгөйү чечилбей жатканына даттанды.

"Айылдын ортосунан аккан арыктан эл да, мал да суу ичет. Ошол арыктагы суу башынан тоңуп 10 күндөн бери суу жок. Эми айыл тургундары күндө убара. Арыкка, куурларга муз тоңуп сууну айылга алып келиш өтө кыйын болуп жатат.

Район боюнча бир гана биздин айылда таза суу жок. Элдик салым болсун деп топтогон акчанын дайыны жок, топтогон адам каза болуп калган. Дагы деле топтогонго эл даяр. Суу чыгарып эле берсе болду", - деген окурман кайрылуусунда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Акысынын тургуну таза суу көйгөйүн айтты
Арыктан башындагы суу тоңуп, элет эли убара болууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан