Нарын шаарында уурулукка шектүү 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция тарабынан белгилүү болду.
Анда айтылган маалыматка таянсак, кечээ, 23-январда саат 13:25 чамасында Нарын шаарынын тургуну Б.С.Д. 102 нөөмөт бөлүмүнө кайрылган. Ал Соң-Көл аймагында жайгашкан дүкөндөрүнүн биринен белгисиз жарандар кирип, 65 миң сом акча каражатын уурдап кеткендигин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 17 жаштагы Н.у.И. аттуу Нарын районунун тургуну жана 16 жаштагы С.З. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ошондой эле шектүүлөр кармалган учурда жогорудагы фактыдан сырткары Бишкек шаарынан дагы уурулук иштерин кылып жүргөндүгүн айтышкан.
Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.