Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында жалпысынан 28 документке кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев коңшу өлкөнүн Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушусунда талкууланды.
“Өзбекстандын президенти башында турган делегацияны тосуп алууга жана эки тараптуу жолугушууларды жемиштүү уюштуруп өткөрүүгө дыкат даярдыктар көрүлүүдө. Өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жүрүүдө. Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттери ортосундагы ар тараптуу бардык тармактар боюнча кызматташууларыбыз майнаптуу жыйынтыктарды бере берсин”,- деди Төрөбаев.
Маалыматка ылайык, сапарды утурлай Кыргыз-өзбек бизнес форуму да өтөт.
Өз учурунда Лазиз Кудратов эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму жана эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу жемиштүү болоруна ишенимин билдирди.
Өзбек президентинин мамлекеттик сапары 26-27-январга пландалып жатат.