Айкүр боюнча улуттук курама команда Түркиянын Анталья шаарында өтө турган “Асык атуу” чүкө оюндары боюнча эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 29-январдан 4-февралга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси: 1. Нурмухаммед Абдалимов;
2. Каным Жеңишбекова;
3. Аделя Искендерова;
4. Анвар Жеңишбеков.
Улуттук курама команда машыктыруучусу Искендер Кожокеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.