Түндүк Корея Пхеньян шаарын жаап салды

Түндүк Корея өлкөдө такталбаган вирустук оору күчөгөндүктөн борбор шаар Пхеньянга беш күндүк блокада жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Өкмөттүн билдирүүсүнө ылайык, Пхеньяндын тургундарына 25-январдан 29-январга чейин үйлөрүнөн чыкпоого буйрук берилди. Ошондой эле алар күн сайын бир нече жолу температурасын текшертип турушу керек.

Өкмөттүн жарыясында COVID-19 айтылбайт, бирок "дем алуу органдарынын оорусунун" белгилерине сасык тумоо кирет деп айтылат. Бул өткөн жылдын август айында өлкө өзүн коронавирустан эркин деп жарыялагандан бери шаардын биринчи жабылышы.

Ушундай эле бөгөт коюу чаралары өлкөнүн башка аймактарында жарыяланганбы же жокпу азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан