"Жеңиш үчүн баарын жасайм!". Акжол Махмудов менен Роман Власов беттешмей болду

Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен эки жолку Олимпиада чемпиону Роман Власов апрель айында беттешет. Бул тууралуу эки балбан тең билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, эки балбандын беттешин "Поддубный лигасы" өткөрүүнү көздөөдө. Бул үчүн балбандар кол коюшкан.

"Мен расмий түрдө PWL лигасынын алкагында Роман Власов менен беттешүү боюнча келишимге кол койгонумду кабарлоого кубанычтамын", - деп билдирди Акжол Махмудов.

Ошондой эле кыргыз балбаны бул беттешти чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Роман Власов дагы бул боюнча билдирүү жасады. Орусиялык балбан жеңишке жетүү үчүн бардык күчүн жумшай турганын кошумчалады.

"Беттешке эки ай калды. Жеңишке жетүү үчүн баарын жасайм!", - деп билдирди Власов.

Бул эки балбандын беттешин өткөрүү 2021-жылдан бери сүйлөшүлүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан