Украина Соледар шаарын алдырганын жарыялады

Украин аскерлери Донецк облусундагы Соледар шаарынан чыгып, мурда даярдалган позицияларына чегиништи. Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Сергей Череватый билдиргенин Украинанын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Череватыйдын айтымында, бул "өздүк курамдын өмүрүн сактап калуу" үчүн жасалган. Орус тарап эки апта мурун шаарды басып алганын жарыяласа, Киев муну четке каккан.

"Бир нече айга созулган катуу салгылашуулардан кийин Украинанын куралдуу күчтөрү Соледардан чыгып, алдын ала даярдалган позицияларга чегиништи", - деген Череватый.

Ошондой эле ал Соледар шаарында украин аскерлерин колго түшүрүү же курчоого алуу болбогонун белгилеген.

Орусиянын Куралдуу күчтөрү Соледар шаарын 13-январда алганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан