Өзбекстан мамлекеттик кызматкерлердин санын максималдуу түрдө кыскартууда

Өзбекстан мамлекеттик кызматта иштегендердин санын максималдуу түрдө кыскартат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазды.

Президент Шавхат Мирзийоевдин жарлыгына ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин жалпы саны 56 миң 573 адамдан ашпашы керек. Мындан улам министрликтерден жана ведомстволордон 17 миңге жакын кызматкер кыскартылат. Бул жалпы иш адамдарынын 24 пайызын түзөт. Ошондой эле министрлердин орун басарлары да 207ден 144кө түшүрүлөт.

Өзбек бийлиги мындай жол менен 703 унаа жана 10 имарат бошой турганын жарыялады. Ал эми кызматкерлерди кыскартуудан 133 миллион доллар, кызматтык унааларга жана башка керектөөлөргө кеткен чыгымдардан 6,2 миллион доллар үнөмдөлүп, мамлекеттик бюджетке которулат деп айтылат маалыматта.

Муну менен катар министрликтердин жана ведомстволордун ички түзүмдөрү да бир топ жаңыланууларга учурайт.

Белгилей кетсек, коңшу мамлекетте бул өңдүү реформалар январдын башында башталган. Анын жүрүшүндө вице-премьер-министрлердин саны азайтылып, бир катар министрликтер да бириктирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан