Казакстан Сенатынын төрагасы болуп Маулен Ашымбаев шайланды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Депутаттар жашыруун добуш берүү менен өлкө президенти сунуштаган талапкерди бир добуштан жактырышты. Ашымбаевди шайлоого 50 депутат "макул" деп добуш берди, каршы дагы, калыс дагы жок.
Анын кандидатурасын президент Касым-Жомарт Токаев сунуштаган.
Маулен Ашымбаев буга чейин 2020-жылдын майынан 2023-жылдын январына чейин Сенаттын төрагасы болуп иштеген.