Украиналык футболчу "Челси" клубундагы дебюттук оюну менен көпчүлүктү таң калтырды

Лондондук "Челси" клубуна кошулган украиналык футболчу Михаил Мудрик Англия Премьер-Лигасында ылдамдык рекордун жаңылады.

Украиналык футболчу "Ливерпуль" футболдук клубуна каршы дебюттук оюнунда сезондук рекорд койду. Ал "Ливерпуль" клубуна каршы оюнда саатына 36,63 чакырым ылдамдыкта чуркаган. Бул көрсөткүч быйылкы сезондо Премьер-Лигада катталган эң жогорку ылдамдык болуп саналат.

Бул көрсөткүчү менен Мудрик "Ливерпуль" клубунун чабуулчусу Дарвин Нуньести (36,53) жана "Манчестер Ситинин" оюнчусу Эрлинг Холандды (36,22) артка калтырды.

Михаил Мудрик "Челси" клубуна 15-январда кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан