Килиан Мбаппе Франция чемпионатында мыкты оюнчу аталды

ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе Франция чемпионатынын ноябрь жана декабрь айларындагы эң мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, 24 жаштагы футболчу француз футболчулар союзунун (UNFP) сайтындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында жеңишке жетти. Сурамжылоо 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына байланыштуу тыныгуудан улам эки айдын жыйынтыгы боюнча өттү.

Килиан Мбаппеге сурамжылоого катышкандардын 39 пайызы добуш берген.

Ноябрь жана декабрь айларында Мбаппе үч беттеште 2 гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан