Бүгүн, 27-январда Азербайжандын Ирандагы элчилигине куралдуу кол салуу болду. Анын кесепетинен бир жаран каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, каза болгон жаран элчиликтин күзөт жаатына жооптуу кызматкери Орхан Аскеров болгон. Ал чабуулдун мизин кайтарып жатып мерт кеткен.
Анда кол салган адам коопсуздук постун бузуп кирип, күзөт кызматынын башчысын калашников автоматы менен өлтүргөнү айтылды.
Мындан сырткары дагы эки жаран жаракат алганы белгиленди.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.