Учурда Токтогул суу сактагычында 9 миллиард 627 миллион метр куб суу бар. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун 27-январга карата маалыматында көрсөтүлөт.
Ал эми суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 139 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 878 куб метрге жетүүдө.
Былтыр, 2022-жылы 27-январда суу сактагычта 9 миллиард 230 миллион куб метр суу бар болгон.