"Эски менен жаңы айкалышып". Бишкекте улуттук кийимдердин көргөзмөсү өттү (фотобаян)

Бүгүн, 27-январь күнү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт жана өнөр музейинде “Курак энциклопедиясы” санариптик көргөзмөсүнүн жабылыш аземи болуп өттү.

Аталган иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йозефсон, “Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу” долбоорунун координатору Банур Абдиева катышты.

Алгач көргөзмөнүн жабылыш аземинде Чыңгыз Эсенгул уулу министр Алтынбек Максутовдун куттуктоо сөзүн окуп берип, министрлик мындай иш-чараларга дайыма колдоо көрсөтүп турарын билдирди.

“Учурда өлкөдө тигүү индустриясы жакшы өнүгүп жаткандыктан цехтерде көптөгөн кездемелердин калдыктары ыргытылып жатат. Мына ошолорду таштанды кылбастан, сонун кийимдерди, буюмдарды жасаса болот. Илгертен кыргыз кыздары, апаларыбыз ууз болуп келишкен. Эми минтип азыркы муунга өткөрүп берип жатышат. Бул көргөзмөдөгү буюмдарды көрүп алып чоң апамды, таенемди эстеп отурам.

Үйдө отурган апалардын, кыз-келиндердин иштөөсүнө сонун мүмкүнчүлүк түзүп берген "Курак" долбооруна жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирем. Министрлик мындай иш-чараларга колдоо көрсөтүүгө дайым даяр", - деди ал.

Андан соң аземде “Курак Энциклопедиясы” санариптик көргөзмөсү жана курак техникасында жасалган чапандардын дефилеси орун алды.

Көргөзмөнүн негизи максаты улуттук мурастарды жана салттарды сактоо экенин айткан Банур Абдиева мындай иш-чара ууздарды алдыга шыктандырарын белгиледи.

"Бул көргөзмө 20-январдан 27-январга чейин өткөрүлдү, бүгүн жабылыш аземи болууда.
Биздин максатыбыз биринчиден, экономикалык сарамжалдуулук, жоктон бар кылуу. Экинчиден, экологиялык - кездемелерди отко жакпастан таза абаны ыш кылбай колдонуу. Ошондой эле маданий мурасты сактоо жана аны жайылтуу башкы максатыбыз.

Тарых жана көркөм сүрөт музейинде 1916-жылдагы курактар бар экен. Аларды кармап көрсөң, сапаты кетип калганын көрүүгө болот. Ошондуктан мындай иш-чара мурастарды түбөлүккө калтырууга өбөлгө боло алат.

Аны менен катар уздарыбызга дем-күч берип, бул өнөрдү жайылтууга да шарт түзөт", - дейт Абдиева.

Дефилеге өзү тиккен кийимдерин кийип чыккан Роза Асанбекова бул иш-чараны чыдамсыздык менен күтүп келгенин айтты.

"Мен бул көргөзмөгө атайын үч неберем менен келдим. Өзүм мугалим болуп эмгектенем жана курак тигүүнү Роза Аламанова деген тигүүчүдөн үйрөнүп, сабактарын алуудамын. Үйдө неберелерим менен чогуу чапан, тебетей, тумарчаларды тигебиз. Бул үчүн жаңы кездеме алып убара болбой эле, ар кандай кийим-кечелердин калдыктарынан фантазияма жараша кийимдерди жаратам.

Мындай көргөзмөгө 4-жолу келишим, өзүм тиккен күрмөмдү, белдемчимди кийип келдим. Бул саамалыкты чыдамсыздык менен күтөбүз. Жаш кезимде курак тиккенди үйрөнө албай калгандыктан азыр бош убактымда өздөштүрүп жатам", - дейт ал.

Ошондой эле бул өнөрдү неберелерине да үйрөтүп, кыргыз маданиятын жайылтууга салым кошкусу келгенин кошумчалады.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан